tgoop.com/bashtan_bashta/11059
Last Update:
Ош шаардык милициясы: Ыдырыс Исаков күбө катары суралды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун милицияга чакыртылганы тууралуу түшүндүрмө берип, ал күбө катары суралганын билдирди.
"Өткөн жумада "ТикТок" социалдык түйүнүндө "Альберт" (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу "Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат" деген башкы темада кыскача видеоролик жарыяланган. Анда Ыдырыс Исаковдун дагы видеокайрылуусу дагы колдонулган. Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ыдырыс Исаков Ош милициясынын тергөө кызматына 5-февралда күбө катары чакырылды. Исаков "Альберт" деген атуулду тааныбасын, ал жерде колдонулган видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан бейтааныш адамдар монтаждап жасаганын, "уйгур мафиясын" билбесин айтты. Күбө катары суралган Исаков милицияда бир саатка жетпеген убакыт болду",-деп жазылган маалыматта.
azattyk
@bashtan_bashta
BY Башта

Share with your friend now:
tgoop.com/bashtan_bashta/11059