tgoop.com/bashtan_bashta/10851
Last Update:
📌 Эрлан Бекчоро уулу: Бул укугуңарды тебелеп, ден- соолугуңарды талкалап, абактан сөөгүңөрдү чыгарабыз деген кара мүртөздүк!
"Урматтуу Акыйкатчы институту!
Урматтуу Юстиция министри Аяз Баетов !
Урматтуу кыйноолорду алдын алуу мекемеси!
Урматтуу Адам укугун коргогон эл аралык уюмдар!
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү жана укук коргоочулар!
Бийлик Конституциялык укуктарыбызды тебелеп, бир дагы далили жок абакка камаганы аз келгенсип суук, ным баскан, камоо шарттары эң начар камерага бир күндө которушуп, абактан кыйноого алуусу деп эсептейм. Бул бир айдын ичинде баарыбызды оорулуу кылып, ошо менен өлүгүбүздү чыгаруунун негиздүү кадамдары. Бул бийликтин суук түшкөн маалда атайын жасаган иши. Башка камерадан абалы өтө начар деп айтуудан дагы өтө төмөн камерага которушу ден-соолугубузга, өмүрүрүбүзгө коркунуч алып келет. Мен кайрылган аталган институттар камерага чейин кирип, абалыбызды кабар алууңуздарды өтүнөм!
Арыз ээси 21- мекемеде күнөөсүз камалып жаткан Эрлан Бекчоро уулу 23.12.22."
@bashtan_bashta
BY Башта

Share with your friend now:
tgoop.com/bashtan_bashta/10851